ЧЕХИЯЛЫК СТУДЕНТТЕР ОШМУДА БИЛИМ АЛАТ

  • 13.10.2021
  • 0

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетине Чехиянын Пльзен шаарындагы Батыш Богемия университетинен 12 студент келди.

Конок студенттердин сегизи эл аралык мамилелер багытында магистратурада, төртөө бакалавр программасында окушат. Булар эл аралык мамилелер факультетинде 40 күн билим алуу менен кыргыз элинин каада салты, үрп адаты, жергиликтүү калктын жашоосу менен таанышат.

Ар жылы эки тараптан студенттер академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде бир семестр алмашып окуп келишет.

2016-жылдан бери  ОшМУнун 100гө чукул студенти, 30дан ашуун окутуучусу  Батыш Чех университетинде кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде билим алып келди.

Бүгүнкү күндө ОшМУнун  33 алыскы чет өлкөлөрдөгү 296 университет менен байланышы бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер