ЧЕХИЯЛЫК  ДОКТОРАНТ, МАГИСТРАНТТАР ОШМУДА БИЛИМ АЛАТ

  • 18.05.2022
  • 0

Чехиянын Батыш Чех университетинен келген тарыхчы-окумуштуулар ОшМУда болуп, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушуп, эки окуу жайдын ортосунда беш жылдан бери ишке ашып келе жаткан эки тараптуу кызматташуу келишимдери жөнүндө сүйлөшүштү.  

ЧЕХИЯЛЫК  ДОКТОРАНТ, МАГИСТРАНТТАР ОШМУДА БИЛИМ АЛАТИзилдөөчүлөрдү Батыш Чех университетинин профессору, археология кафедрасынын башчысы Павел Варжека жетектеп келген. Алар 16-майдан 16-июнга чейин Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык Кушан доорундагы  археологиялык казууларды жүргүзүшөт.

“Археологиялык изилдөөлөргө ОшМУдан адистер,  студенттер да  катышат. Андан сырткары ОшМУга Батыш Чех университетинен үч докторант, үч магистрант да келген. Алар окуу жайдын Чыгыш таануу жана тарых факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт”, — деди Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыр Арстанов.

Бөлүшүү

Комментарийлер