ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУСУ КОКАЙСЛ  ОГПИДЕ

  • 20.05.2019
  • 0

Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайсл  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге конок лекция окуду.  Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУСУ КОКАЙСЛ  ОГПИДЕ

Аталаган лекцияда Петр Кокайсл өз тажрыйбасынын негизинде маданий антропология, этностук азчылыктар, коомдогу өзгөрүүлөр, географиядин, гуманитардык илимдердеги методология жана өзү изилдеген кыргыз элинин тарыхы тууралуу маалыматтары менен бөлүштү. Чех элинин тарыхы боюнча да кыскача токтолуп, кыргыз жана чех элдеринин окшоштуктары менен айырмачылыктарын айтып өттү. Лектор өз сөзүндө Кыргызстанга 2001-жылдан баштап келип, кыргыз эли боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын жана бул боюнча бир нече илимий макалалары жарык көргөнүн баса белгиледи. Лекция суроо-жооп менен коштолуп, студенттер кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер