Чаткалда жергиликтүү бийлик 43 студентти ЖОЖдо билим алуусун каржылайт

  • 27.07.2023
  • 0

Чаткалда жергиликтүү бийлик 43 студентти медициналык жогорку окуу жайда билим алуусун каржылап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.

Маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациясы райондун аймагындагы кен казып иштеткен компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анда алыскы шарты катаал аймактагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн жоюу максатында үч тараптуу келишим түзүлүп, студенттердин билим алуусун каржылоодо.

Аталган студенттердин келишимдик акылары жылына орточо эсеп менен 1,5 млн сомго жакын каражатты түзөт. Демилге 2014-жылы башталып, азыркы учурда 23 студент ординатурада окуусун улантып жатса, 6 студент окуусун аяктап райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда эмгектене баштаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер