ЧАТКАЛДА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛҮП, МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 01.10.2026

Чаткал районунун Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарынын башчылары тарабынан өткөн окуу жылында олимпиадаларда жана Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку ийгиликтерди жараткан окуучулардын мугалимдерине  Ардак грамоталары менен акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чара мугалимдердин эмгегин баалап, аларды мындан ары да шыктандырууга багытталган олуттуу колдоо болду.ЧАТКАЛДА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛҮП, МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

Маалыматка караганда, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик бирлиги тарабынан «Жыл мугалими — 2026» кароо-сынагынын облустук турунда 1-орунду багындырып, республикалык турга жолдомо алган педагогдор дагы баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле сентябрь айынын башында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тигилген «Хан Ордодо» келген туристтерге кыргыз элинин баалуулуктарын, тарыхый мурастарын жогорку деңгээлде тааныштырып, улуттук каада-салтты даңазалаган Касым Тыныстанов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Жаңылай Момунова өзгөчөлөндү. Бул эмгеги үчүн ага Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрү тарабынан Ыраазычылык каттар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ЧАТКАЛДА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛҮП, МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

Мындан сырткары, билим берүү тармагына, тактап айтканда башталгыч класстардын окуучуларынын ден соолугуна кам көрүү максатында Сумсар айылынын тургуну, жеке ишкер жана бал аарычы Эрали Джянбеков райондогу ийгилик жараткан мектептерге жана бала бакчаларга 130 кг табигый бал белек кылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү