ЧАТКАЛ: САПАТТУУ БИЛИМ — КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМДЕН БАШТАЛАТ!
- 13.08.2026
- 0
Билим берүү тармагындагы заманбап реформаларга жана 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүүгө карата даярдыктар өлкө аймагында, анын ичинде Чаткал районунда да активдүү фазада жүрүп жатат. Жаңы окуу жылына карата педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана аларды методикалык жактан колдоо багытында системдүү иштер аткарылууда.
Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, учурда өзгөчө мааниге ээ болгон табигый илимдер, математика жана башталгыч класстар багыттары боюнча мугалимдер атайын окутуулардан өтүп жатышат. Педагогдор бул курс аркылуу өз билимдерин толуктап, кесиптик тажрыйбаларын заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүдө.
Маанилүү жагдайлардын бири — бул окутуу процессин атайын даярдыктан өтүп, «мастер-тренер» статусуна ээ болгон тажрыйбалуу адистер жетектеп жатканы. Алар кесиптештерине жаңы программалардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Тренингдердин негизги максаты — мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн арттыруу, жаңы окуу программаларын терең өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү жана заманбап окутуу ыкмаларын мектеп практикасында натыйжалуу колдонууга шарт түзүү болуп саналат.
Кездешкен татаал милдеттерди ийгиликтүү чечүү жана билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү түздөн-түз мугалимдердин даярдыгына байланыштуу. Себеби сапаттуу билим ар дайым кесипкөй жана изденүүчү мугалимден башталары шексиз.
А.К., «КБ»





Комментарийлер