ЧАМДАГЫЛА, ЧҮЙЛҮК ЖАШТАР!
- 19.08.2021
- 0
Эгемендиктин 30 жылдыгына карата КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу ойнотулат. Кант шаарындагы Абдыш ата стадионунда өтө турган бул иш-чарага чүйлүк жаштар футбол, кол күрөш, аркан тартыш ж.б. спорттун түрлөрү боюнча күч сынай алышат.
Президент С.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлө турган мелдеш көп улуттуу элибиздин ынтымагын арттыруу максатын көздөйт. Майрамдык иш-чарага жумшалчу каражатты Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев көтөрмөкчү. Эскерте кетсек, ага 5 млн сом каралган.
Спорт күйөрмандарын оюнга катышып, мыктыңар баш байге – автомашинасын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгула!
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер