ЧАКАН МЕКТЕПТЕ АТКАРЫЛГАН АЛБАН ИШТЕР

  • 27.05.2025
  • 0

Жаш педагог, мыкты директор Назира Шайлиеванын Кара-Суу районундагы №27 Топ-Терек негизги  мектебине жетекчи болуп келгенине үч жылдын жүзү боло элек. Бул мезгилдин ичинде мектеп жамаатынын, жергиликтүү бийликтин, демөөрчүлөрдүн биргелешкен аракети менен бир топ иштер аткарылды.

ЧАКАН МЕКТЕПТЕ АТКАРЫЛГАН АЛБАН ИШТЕР

«Жаш келсе ишке» дегендей, конкурстук сынактын негизинде жетекчилик орунга дайындалган директор биринчи күндөн тартып билим берүү мекемесиндеги аткарылчу далай иштин жарымын демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу аркылуу бүтүрсө болорун билди. Ушундай иштердин аркасында билим ордосуна
акылдуу коңгуроо орнотулуп,  бардык класстардын терезе пардалары жаңыланды. Мугалимдер да карап турушпады. Алардын көмөгүндө банерлер жасалды. Айыл өкмөтү 182 миң сомго парта, отургучтарды сатып берди.

Демөөрчүлөрдүн деми менен дагы бир зарыл иш жүзөгө ашты. «Өнүгөөр адам өрнөк алчу инсан издейт» аттуу иш-чара уюштурулуп, анда мугалимдер Гапыр Мадаминовдун «Өзүн-өзү тарбиялоо · асыл инсандык сапат» жана «Акыл эмгегинин маданияты» китебин окуп, тест тапшырып, эмоционалдык интеллектилерин жогорулатып, өз билимдерин өркүндөтүп, сабактарын СТЕМ, ПИЗА программалары менен айкалыштырып, санарип сабаттуулугун жакшыртып, китептеги методдор менен сабак өтүшсө, жеңүүчүлөргө берилчү сыйлыктарга жергиликтүү кеңештин депутаттары Рыскелдиев Нээткабыл, ошондой эле Кыдырова Райха демөөрчүлүк кылды. Баса  Райха Анарбаевна 2022-жылы чоң футбол  аянтчанын  курулушун баштап,  ал 8 млн сомго  бүткөрүлгөн.

Айыл элин, айрыкча футбол сүйүүчүлөрдү кубандырган бул аянтча 15-июнь күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына, Кара-Суу районунун  90 жылдыгына карата ачылып, ишке берилмекчи.

Мектепте аткарылган кубанычтуу иштердин бири  быйылкы окуу жылында филология илимдеринин кандидаты Куштарбек Кимсанов балдарга 25000 сомдук өзүнүн автордук китептерин тартуу кылды.

Бекер берилген китептердин арасында  “Апам бар кезди сагынам”, “Эң мыкты адам”, «Өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчө өрнөктөрү”, Гапыр Мадаминовдун “Дасторкон четиндеги университет”, Алыкул уулу Абдимансур  “Атактуулардын ийгилик сырлары”,  ал эми чет өлкөлүк  авторлордон Г.Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы»,  Элизабет Мид-Смиттин “Мектеп ханышасы» китептери  бар.

Булар албетте, балдардын китеп окууга болгон шыгын ойготуп,  билимге болгон кызыгуусун сөзсүз арттырат деген ойдобуз.

Демөөрчүлөрдүн катарын жаштар да толуктап жатат.

— Үстүбүздөгү жылдын март айында жашылдандыруу акциясынын негизинде   мектептин айланасындагы 20 сотых жерди тостуруп, Венгрия мамлекетинде иштеп жаткан окуучуларыбыздын бири,  жаш демөөрчү Солтонов Адахан 50 түп алма көчөтүн  алып берди. Адахандын алма көчөттөрү беш жылда барып өз түшүмүн бермекчи, — дейт директор.

Элибизде «Көп түкүрсө, көл болот» деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, мектеп жамааты 2024-2025-окуу жылында  МЕРСИКО эл аралык уюму менен биргеликте долбоор  менен иш баштап,  аталган уюм мектепти 244000 сомдук ашкана жабдуулары менен
камсыздады. Айыл өкмөт  1 млн. сомго ашкана курулушун бүтүрүп, окуучуларга
ысык тамак уюштурулду. Мектеп жетекчисинин айтуусунда, бул иште ата-энелер  да четте турбай, 24500 сомдук  идиш-аяктарын алып беришкен.  Ашкананын салынышы баш-аягы 7 чакырым жерден келген окуучуларга сапаттуу билим алуусуна жакшы өбөлгө болду.

Мектепте “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”  уңгужол программасын ишке ашырууга жетиштүү маани берилүүдө. Бул багытта элеттик агартуу очогунда Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата тарыхый музей ачылды.

Көмөкчү чарба жаатында да көңүл толорлук ийгиликтерди көрө алдык. Эжейлердин аракети менен гүл өстүрүлүп,  эки жылда 58 миң сомдук гүл сатылыптыр. Андан түшкөн акча каражатына  ашкана курулушуна, музейге, мектепте өткөрүлгөн  ар кандай иш-чарада окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктарга, гүл идиштерин сатып алууга жумшалган.

Мектеп мугалимдери спортко да жакын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жыл 29-январь  №1 “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү»  Жарлыгынын негизинде уюштурулган спорттун тогуз коргоол оюну боюнча мелдеште үч жыл катары менен мектеп  аймактан, райондук турдан 1-орунду алып, областтык турдан, 2-3-орундарга жетишкен. Аялдар командасынан өткөн жылы  райондук турда тогуз коргоол оюну боюнча Жоомарт кызы Бермет «Мыкты оюнчу» наамына татыктуу болсо, 2024-2025- окуу жылында эркектер командасынан Абдусамат уулу Манас «Мыкты оюнчу»  наамына ээ болгонун да кабарлай кетели.

Ал эми быйылкы окуу жылында  окуучулардан түзүлгөн балдар командасы аймактан 1-орунду, райондук турдан 3-орунду ээлеген.

Дагы бир жаңылык — өткөн 2023-2024-окуу жылында  мугалимдер бирдиктүү формага өткөн эле,  алдыдагы 2025-2026- жаңы окуу жылында башталгыч класстардын окуучуларын бирдиктүү формага өткөрүү жөнүндө чечим чыгарылды.

Мектепте ата-энелер менен иштөөгө,  жамааттын ынтымагын бекемдөөгө, кесиптештик мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берилет. Мисалы, жаз майрамына карата «Апам жана мен» сынагы уюштурулса, апрель айында улуу-кичүү эжейлердин катышуусунда биринчи жолу сүмөлөк даярдалган.

Дагы бир кубанычтуу жаңылык — мындан ары мектептеги мындай иш-чаралар өзгөчө шаң менен өтмөкчү. Анткени быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке музыкалык аппаратура алып беришти.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер