ҮЧ ЖУМАЛЫК ДЕКАДА

  • 02.05.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 2022-2023-окуу жылынын 10-апрелинен 29-апрелине чейин «Билим башаты — башталгыч класс»  темасындагы башталгыч класстардын  үч жумалык декадасы болуп өттү.

Бул иш-чара  мугалимдер жааматы менен биргеликте пландалды.  Декада учурунда өтүлгөн ачык сабактар жогорку деңгээлде өтүлдү. Ар бир мугалим мультимедиялык каражаттарды, заманбап ыкмаларды колдонуп, мындан тышкары, “Окуу керемет!” долбоорунун стратегияларына жана “Математикалык сандыкчадагы” моделдерге кайрылып сабак өтүүгө аракеттеништи. Ал эми сабактан тышкаркы иш-чараларды параллель класстар маңыздуу, глобалдуу темаларды тандап алуу менен жалпы окуучулар менен биргеликте даярданышып, абдан кызыктуу өткөрүштү.

Декаданын ачылышына карата 2-«а», «б», «г», «д» классынын кураторлору жана Гүлүмкан Асанкадырованын окуучулары чакан концерттик номерлерди даярдап, катышуучуларга жана ата-энелерге жагымдуу маанай тартуулашты.
Ал эми 3-класстар “Балдардан балдарга” кайрымдуулук акциясын өткөрүшүп, Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүнө окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте кийимдерди, оюнчуктарды, тамак-аш жана памперстерди жеткиришип, балдардын көңүлүн  көтөрүп келишти. 4-класстар  болсо “Табиятты сүйө бил, Ысык-Көл кыргыз бермети” темасында  кызыктуу иш-чара өткөрүштү.
2- «в», «е», «ж», «з» класстары Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп — билим булагы” аттуу темада балдар жазуучулары менен жолугушууну жана китептер жарманкесин уюштурушту.
Бүткүл дүйнөлүк китептер күнүнө карата “Окуу керемет!” долбоору жана К.Баялинов атындагы китепкана Ала-Тоо аянтында  уюштурган иш-чараларга 2-«а» классы (куратору Асанкадырова Гүлүмкан), 2-«б» классы  (Бекбоева Гулайна), 3-«г» классы (Нурканова Айдана), 2-«д» классы (Султанбаева Назгүл), 4-«в» классы (Чойбекова Жылдыз)  катышып,  китепке болгон кызыгууларын арттырып келишти.
Ушул эле күнү 4-«ж» классынын куратору Темирбекова Сезим өз классы менен А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрына барып, “Окуу керемет!” долбоору уюштурган иш-чарага катышып, “Көл сүйлөйбү?” жана “Жылдыздуу суроолор” чыгармаларын сахналаштырып берди. Долбоордун кызматкерлери окуучуларга өз белектерин тартуулашты.
Ал эми Тулебаева Аида 3-класстар арасында “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашын өткөрүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды.
1-класстар декаданын жабылышын  жана “Алиппем – билим ачкычым” темасындагы алиппе майрамын  көрсөтүп, конокторго майрамдык маанай тартуулашты.

Назгүл СУЛТАНБАЕВА,
Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар  мектеп-лицейинин башталгыч класстарды уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары

                                              

Бөлүшүү

Комментарийлер