ЧҮЙЛҮК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ

  • 06.06.2023
  • 0

31-майда Чүй районунун Иса Үкүев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты, бүтүрүүчүлөрү, жогоруда аталган мектептин  мүдүрү Венера  Касмалиеванын демилгеси, ошондой эле ЖК жаштар парламентинин  чакыруусу менен Жогорку Кеңеште болушту.

ЧҮЙЛҮК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ

Адегенде эле коноктор Ак үйдүн 5-кабатында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеңештер залында өтүп  жаткан кезектеги жыйынына катышып, трибунада сүйлөп жаткан  Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин сөзүн угушту.
Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов менен жолугушуу болду. Жолугушууга бүтүрүүчүлөр менен чогуу  Кемин районүнун жаштар уюмунун мүчөлөрү да катышты. Элдар Нурланович өз платформасындагы аткарылып жаткан иштери жөнүндө кенен айтып берди. Андан соң иш-чара суроо-жооп формасында улантылды.  Мугалимдер ЖРТга даярдоодо китептердин жетишсиздиги, 12-класстын мектепте окутулушу боюнча өздөрү кызыккан суроолорду беришти. Окуучулар депутаттын күнүмдүк короткон акчасы, бүтүргөн окуу жайы, канча тилди билээри, кызыгып окуган китептери жөнүндө да сурашты. Бүтүрүүчүлөр депутаттын окуган китептеринен арасында атактуу тарыхый роман»Сынган кылыч» менен
Теодор Дрейзердин»Финансист» китеби бар экенин билишти. Жолугушуу жаштар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду.

Ырыс КАРАЧЕВА, Чүй районунун Иса Үкүев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими, Билим берүүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер