Чүйдө өспүрүм баланы сабаган деп эки жаран кармалды

  • 04.10.2023

Чүйдө өспүрүм баланы сабаган деп эки жаран кармалды

Чүй облусунда 16 жаштагы өспүрүм баланы сабаган деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда милицияга Ак-Ордо конушунун тургуну кайрылып, 2007-жылы туулган уулун Б. аттуу жаран, анын уулу жана белгисиз бир жаран эч себепсиз сабап, ур-токмокко алганын билдирген.

Аталган факты боюнча «бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 64 жаштагы жана 59 жаштагы жарандар кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бөлүшүү