Чүйдүн бийик тоолорунда жайгашкан көлдөрдүн абалына изилдөө жүргүзүлдү

  • 01.08.2023
  • 0

Чүй облусунун аймагындагы бийик тоолордо жайгашкан көлдөрдүн абалына изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Изилдөөнүн негизги максаты — бийиктикте жайгашкан көлдөрдүн абалына байкоо жүргүзүлүп, ашып же көлдүн жарылуусунун алдын алуу болуп саналат.

Сокулук райондук ӨКБ адистери Кыргызгидрометтин кызматкерлери менен биргеликте Төш-Булак айыл аймагындагы 3 миң 525 метр бийиктиктеги Чоң-Төр, 3 миң 890 метр бийиктикте жайгашкан Чыгыш-Чоң-Төр, 3 миң 815 метр бийиктиктеги Туюк-Төр көлдөрүнө жеринде байкоо иштерин жүргүзүштү. Учурда жогорудагы тоо көлдөрүнүн ташып же жарылып кетүү коркунучу жок деп табылды.

Ошондой эле Чүй району боюнча ӨКБ менен Чүй токой аңчылык чарбасынын кызматкерлери Кегети капчыгайындагы 2 миң 736 метр бийиктикте жайгашкан Көл-Төр көлүнө мониторинг жүргүзүлүп, ашып кетүү жана жарылуу коркунучу жок экендиги бааланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер