ЧҮЙДӨ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ДАГЫ ТӨРТ БАЛА БАКЧА

  • 09.04.2024
  • 0

Чүй облусунун Жайыл районунда кыска мөөнөттүү үч бала бакча, Москва районунда дагы бир бала бакча ачылды.

Жайыл районундагы балдар чыгармачылык үйүнүн жана бала бакча базасында ачылган кыска мөөнөттүү үч бала бакча жалпысынан 250 баланы камтыйт.

ЧҮЙДӨ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ДАГЫ ТӨРТ БАЛА БАКЧА

Кыргызстанда “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болот, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана үч сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

ЧҮЙДӨ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ДАГЫ ТӨРТ БАЛА БАКЧА

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Жайыл районунда жалпысынан алганда кыска мөөнөттүү дагы 15 бала бакча, Москва районунда 16 бакча ачылышы күтүлүүдө.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер