ЧҮЙДӨГҮ ИНТЕРНАТТЫН БАЛДАРЫ ЫСЫК-КӨЛГӨ БАРАТ
- 15.06.2023
- 0
КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга Президент Садыр Жапаровдун атынан кийим-кече жана Ысык-Көлгө жолдомо тапшырды.
Жатак-мектептин инфраструктурасы, тарбиялануучулардын жашоо шарттары жана жашоо-тиричилиги менен таанышуу учурунда министр мырза мугалимдерге жана тарбиячыларга балдарга ыңгайлуу шарт түзүп, камкордукка бөлөгөн мээрими жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. «Балдар кыялданышы керек, биздин милдетибиз алардын кыялын ишке ашыруу. Бул жердеги ар бир бала өзгөчө көңүл бурууга муктаж, мамлекет үй шартына болушунча жакын жашоо шартын түзүү үчүн бардык чараларды көрүүдө», — деди ал.
Балдардын дарегине жеткирилген баалуу белектерге ыраазычылыгын билдирген мектеп-интернаттын директору Назгүл Мусаева учурда мектеп-интернатта 189 өспүрүм бир чоң үй-бүлөдөй жашап келатканын, балдар мектеп программасынан тышкары ар кандай ийримдерге окуп, спортко, маданий иш-чараларга активдүү катышарын белгилеп өттү.
Комментарийлер