ЧҮЙДӨГҮ БАРДЫК МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР
- 28.08.2025
- 0
Чүй облусунун аймактарындагы бардык мектептер жаңы окуу жылын баштоого даяр болду. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Райымбек Султанов Аламүдүн районунун агартуучуларынын Август кеңешмесинде билдирди.
— Өлкөнүн билим берүү тармагы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Учурда 12 жылдык окууга өтүүгө зарыл болгон бардык негизги документтер, мамлекеттик жана предметтик стандарттар иштелип чыгып, мугалимдер Агартуу министрлигинин жардамы менен теориялык билимдерин бекемдеп, жалпысынан жаңы окуу жылын жаңы дем, жаңы күч менен баштоого толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу билим берүү тармагы заманбап техника менен ушундай деңгээлде камсыздалды. Чүй облусу боюнча 11 миңден ашык мугалим заманбап техникалуу болду. Мына, кечээ жакында эле Ош шаарында өткөн педагогдордун Август кеңешмесине баардыгыбыз күбө болдук, ал “Доор өзгөрткөн билим” деп бекеринен аталган жок. Себеби кыргыз билим берүүсү түптөлгөндөн бери бир кылым өттү. Баары өзгөрдү, б.а. эмгек рыногунун талаптары, бизди курчап турган айлана-чөйрө өзгөрдү. Жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы билим алуу зарылдыгы пайда болгондуктан, мугалимдер да, окуучулар да өтө тездик менен өзгөрүшү керек деп эсептейм. Балдардын мекенчилдик, жаратмандык сезимдерин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн кантип өөрчүтөбүз? Анын баары мугалимдердин эмгеги аркылуу гана ишке ашат. Жаңы окуу жылы – бул жаңы идеялардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана жаңы ийгиликтердин башаты”,- деди ал.
Докладчы белгилеп кеткендей, Аламүдүн районунун агартуучуларынын жана окуучуларынын олимпиадада болобу, ЖРТ жыйынтыгында да болобу, айтууга арзырлык алгылыктуу ийгиликтери арбын. Жаңы окуу жылына даярдыктары да жакшы экендигин өз сөзүндө Аламүдүн районунун администрация башчысынын орун басары Айгүл Закирова да белгилеп өттү.
— Биздин райондо 24 муниципалдык мектеп, 30 бала бакча, 2000 мугалим бар. “Алтын казык” программасынын алкагында 12 жылдык окутууга толук даярбыз, 1-2-класстарда 4,5 миңден ашуун окуучуга квота берилген, аларга 108 мугалим билим-тарбия берүүгө даяр. Бүгүн биз Агартуу министрлиги тарабынан алдыңкы методологиялык ыкмалар менен окутулган 105 мугалимге заманбап ноутбуктарды тапшырдык, жалпысынан алганда 227 ноутбук берилди. Ал ноутбуктарга жүктөлгөн программалар канчалык деңгээлде мугалимдердин ишин жеңилдете алаарын көрдүк. Ушулардын баары билим сапатын жогорулатып, алдыда дагы көп-көп ийгиликтерди жаратууга өбөлгө түзөрүнө ишенебиз.
Жаңы окуу жылына карата даярдыктарды белгилей кетсем, биздин райондо бир жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат, анын ачылышын 1-октябрда күтүп жатабыз. Андан тышкары, республикалык титулдук баракка кирген дагы үч мектеп бар, азыр алардын проектилери, сметалары даярдалууда. Дагы эки мектептин капиталдык-оңдоп түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Ал мектептин бири Таш-Төбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы мектептин эки имараты тең 1967-жылы жана 1984-жылы салынган имараттар эле, ошондон бери бир да жолу толук кандуу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Быйыл 15 млн сомго жаңы эмеректер, жабдуулар, техникалар алынды. 1-сентябрда мамлекеттик деңгээлде ачылышы күтүлүүдө. Ал эми бала бакча менен камтууну 70% жеткирүүнү максат коюп жатабыз, ал үчүн бардык тиешелүү шарттар бар. Быйыл биздин районго 10 жаш адис келип, алгачкы эмгек жолун баштоо алдында турат, аларга аз да болсо стимул болсун деп эмгек китепчелерин салтанаттуу тапшырып, колдоруна 10 миң сомдон бердик, — дейт.
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мектепке, мугалим журтчулугуна жогорку деңгээлде колдоолор көрсөтүлүп жатканын баса белгилеп кетпесек болбос. Айрыкча, жаш адистерге колдоо көрсөтүү жагынан башка аймактарга да үлгү болорлук шарттар түзүлүүдө. Алсак, Васильевка айылындагы №1 жана №2 мектепке ишке кирип жаткан мугалимдерди жатакана менен камсыздап, алардын ыңгайлуу жашоосуна керектүү шарттарды түзүп беришти. Райондун акимчилиги жана ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен айылдагы эски почтанын имаратын оңдоп, ага суу, газ киргизилип, отун-суусун камсыздап берди. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, алардын жол кире, тамак-аш маселеси да чечилди.
Быйыл районго музыка, дене тарбия, физика ж.б. жалпысынан 16 предметтен мугалим жетишпейт. Окуучулар үчүн дагы бир олуттуу маселе – бул китеп маселеси, акимчилик бул жагынан да жардам берүүгө белсенип турат, жаңы окуу жылы башталар замат кайсы мектепке канча китеп жетишсиз экендигин тактап беришсе, жергиликтүү бийлик органдары ал китептерди сатып бермекчи.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”








Комментарийлер