ЧҮЙ – ТОКМОК: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА

  • 19.01.2024
  • 0

2024-жылдын 18-19-январында Токмок шаарынын №1 жана №5 орто мектептеринде 12 предметтен Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептердин 10-11-класстары үчүн Республикалык олимпиаданын 2-туру өтүп жатат.

ЧҮЙ – ТОКМОК: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА ЧҮЙ – ТОКМОК: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА

2024-жылдын 18-январында эртең мененки саат 7-00дө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен 12 предметтик олимпиаданын тапшырмалары электрондук түрдө кабыл алынган.

ЧҮЙ – ТОКМОК: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА

Бардык тапшырмалар саат 9-00гө чейин окуучулардын санына карата даярдалып атайын папкаларга салынып бекитилди.

ЧҮЙ – ТОКМОК: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДА

Олимпиаданы ачуу салтанатына Токмок шаарынын мэринин орун басары Туратбек уулу Алишер катышып, окуучуларга куттуктоо сөзү менен кошо ийгиликтерди каалады. Саат 10-00до окуучулар окуу кабинеттерине жайгашып, олимпиадалык тапшырмалар таратылып иштеп башташты. Бүгүн олимпиаданын 2-күнү өтүп жатат. Эки күндүн  тапшырмаларынан кийин, бүгүн кечинде  жыйынтык чыгарылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер