ЧҮЙ ОБЛУСУНУН РОВНОЕ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 19.05.2021
  • 0

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырып келген КРнын Өкмөтү,  Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Панфилов районундагы Ровное айылында 50 орундук бала бакча колдонууга берилди.

Жаңы бала бакчанын аянты 949 м2, имаратта уктоочу бөлмөлөр, музыкалдык зал, буфет, процедуралык жана медициналык кабинеттер, техникалык бөлмө бар.

“Бул бала бакчада орто тайпа жана жогорку тайпанын балдары тарбияланышат. Имарат толугу менен заманбап талаптарга жооп берет”, — деп Панфилов районунун Курпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Жаңылмырза маалымдады.

Эми тургундар балдарын коңшу айылдардын бала бакчаларына алып барып убара болбой калышат.

“Жаңы курулган бала бакча ачылышы менен 20 жумуш орундары менен камсыздалып жатат. Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн шарт түзүлүп жатат”, — деди Ровное айылынын башчысы Кайнар Өмүркулов.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун эксперти Гүлмира  Ажибаева имарат 10 айдын ичинде курулганын маалымдады: “Долбоор КР Өкмөтү жана Ислам өнүгүү банкы тарабынан демилгеленген. Бул бала бакчаны курууга 23 098 759 сом сарпталды”.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Маалымат: “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн. АКШ долл. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-ж.

Бөлүшүү

Комментарийлер