ЧҮЙ ОБЛУСУНУН 68 МУГАЛИМИ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН РФда ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 15.02.2021
  • 0

Чүй облусунун мектептеринин 68 мугалими “Билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар” боюнча квалификациясын жогорулатуучу курстарды ийгиликтүү аяктап, Россия университетинин күбөлүгүнө ээ болду.

Мугалимдер өздөрүнүн квалификациясын жогорулатуу курсун Томск мамлекеттик башкаруу жана радиоэлектроника системалары университетинин базасында өтүштү. Аны Бишкек шаарындагы “Единство” (Биримдик) коомдук фонду уюштурган. Аталган фонд билим берүү тармагындагы ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенип келет, атап айтканда, РФнын алдыңкы университеттери менен мектептердин, жогорку окуу жайлардын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу багытында иш алып барып, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары, ЖОЖдордун студенттери үчүн кесип тандоо багытында иш-чараларды өткөрүшөт.

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН 68 МУГАЛИМИ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН РФда ЖОГОРУЛАТТЫ

“Единство” КФнын кызматкери Лилия Постникованын айтымында, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу курстар “Кесипти тандоо – келечекти тандоо!” билим берүү акциясынын уландысы болуп эсептелет.

— Өткөн жылы октябрь-ноябрь айларында биз Кыргызстанда онлайн форматында Россиянын жогорку окуу жайларынын катышуусу менен “Кесипти тандоо – келечекти тандоо!” деген акция өткөргөнбүз. Акцияга 6,5 миңден ашык окуучулар, студенттер, ата-энелер жана педагогдор катышкан. Акцияга катышкан мугалимдер билим берүүнүн жаңы технологияларына кызыгып жатышканын айтышып, ушул темада квалификация жогорулатуу курстарын уюштуруп берүүбүздү өтүнүшкөн эле. Биз менен 2013-жылдан бери кызматташып келаткан өнөктөшүбүз Томск университети биздин сунушубузду колдоорун билдирген эле. Январь айында курсту ийгиликтүү аяктап алдык, ал үчүн окуу курсун уюштурган жогорку окуу жайдын жетекчилигине, кызматкерлерине терең ыраазыбыз, — дейт.

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН 68 МУГАЛИМИ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН РФда ЖОГОРУЛАТТЫ

Уюштуруучулардын айтымында, окутуу жаңы санарип билим берүү технологияларын колдонуу менен аралыктан өткөн. Курстарды өткөрүүдө билим берүүнүн e-learning электрондук модели кеңири колдонулган.

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын өкүлү Кундуз Абдраева, мугалимдерди акысыз курстан өткөргөн Томск университетинин жетекчилигине ыраазычылык айтып, санарип технологиялардын жардамы менен сабак өтүү ыкмаларын өздөштүргөн мугалимдер башка кесиптештеринин арасында санарип билим берүү технологияларын жайылтууга салым кошот деген ишенимин билдирди.

“Единство” коомдук фонду Томск университети менен биргеликте жакынкы убакыт аралыгында мектептерде электрондук билим берүү курстарын окута турган мектептеги системдик администраторлорду окутууну уюштурууну пландоодо.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер