ЧҮЙ МЕНЕН ТАЛАСТА ТАНДОО СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 18.08.2022
  • 0

17-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Талас мамлекеттик университетинде Чүй жана Талас облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген. Таласта тестирлөөгө 75 талапкер катышты. Тестирлөөнүн жыйынтыгында Чүйдө 69 талапкер, Таласта 24 талапкер босого баллдан жогору упай алды.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер