Ч.ТУРСУНБЕКОВДУН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТ КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ

  • 17.09.2021
  • 0

14-сентябрда Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинде КР ЖК мурдагы депутаты Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналып, кыргыз тили жана адабияты кабинети жана галерея залы ачылды.

Ч.ТУРСУНБЕКОВДУН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТ КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ

Ачылуу салтанатына катышкан Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Анара Орозказиева, КР мамлекеттик жана коомдук ишмери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыныбай Турсунбеков таланттуу акын, педагог, жаратман ишкер жана улутман саясатчы болгонун баса белгилеп, анын демилгеси жана жардамы менен Жан-Булак айылында 100 орундук бала бакча ачылганын жылуу эскерип, өзүнүн жердештери, жалпы эле кыргыз эли үчүн аткарып кеткен зор эмгектери жөнүндө кызыктуу баяндап берди.

Мектепте лирик акын Чыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсүнөн жаралган анын өзүндөй бийик адамгерчилик, жөнөкөйлүк, аруулук, кеменгерлик, калыстык, мекенчилдик жөнүндөгү ырлары жаңырып, ал ырлардын балдарды тарбиялоодогу таасири зор экендигин белгилешти.

Ч.ТУРСУНБЕКОВДУН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТ КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ

Кыргыз тили жана адабияты кабинетин жана галерея залын заманбап жасалгалоо, эмерек жабдуулар жана китептер менен жабдуу иштерине Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү каржылык колдоо көрсөттү.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер