ҮЧ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН ОКУУЧУ

  • 09.01.2018
  • 0

Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын 17 жаштагы тургуну Рафиля Исмаева айылдын активист кыздарынын бири. Ал үч тилде эркин сүйлөйт.

Өзүнүн айтымында, ал учурда Ю.Хазрети атындагы орто мектебинин 11-классында окуйт. Дунган, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт жана англис, кытай тилдерин үйрөнүүдө.

  • Ар кыл маданий иш-чараларга активдүү катышып, ырдап, бийлеп турам. Улуттук кийимдерди өзүмө жаккандай тигип алам. Кыз киши ар тараптан таланттуу болушу керек, мисалы, тигүүнү, чач жасалгалоону, тамак-аштарды мыкты даярдоону билиши зарыл. Ата-энем үч тилде эркин сүйлөп, ал тургай ырдап, бийлегениме сыймыктанышат. 9-класста окуп жүргөндө чач тарачтын курсун бүтүп, сертификат алгам. Учурда дагы тил үйрөнүүгө ынтызармын. Кыргыз тили — бай тил деп билем жана курбуларым менен кыргыз тилинде эркин сүйлөшөм. 2017-жылдын август айында Ю.Бобковдун «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбооруна катышкам. Эми мектепти ийгиликтүү аяктап, медициналык окуу жайга тапшырууну кыялданып жатам, — деди ал.

Г.А., «КБ»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер