Ч.ТҮЛӨБЕРДИЕВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН 74%Ы КУРУЛУП БҮТТҮ

  • 18.08.2021
  • 0

Ош облусунун Орке айылындагы Ч.Түлѳбердиев атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 74%га даяр.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнө караганда,  учурда подряддык уюм тарабынан чатырын, терезе блокторун орнотуу жана имараттын электр куроо иштери аяктады. Ички жасалгалоо иштери, жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери аяктоодо. Мындан тышкары сырткы жасалгалоо иштери жана металл тосмолорун орнотуу иштери да башталды.

375 орунга эсептелген мектептин курулушу 2020-жылдын январында башталган. Объекттин сметалык наркы 986 750 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 532 845 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун жаңы окуу жылынын башталышына карата бүтүрүү пландалууда.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер