ҮЧ ОБЛУСТАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНИТАРДЫК ТҮЙҮНДӨРҮН КУРУУ БОЮНЧА ТЕНДЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 01.02.2023
  • 0

2023-жылдын 31-январында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын акимчиликтеринин, айыл округдарынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн форматта кеңешме өткөрдү.

ҮЧ ОБЛУСТАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНИТАРДЫК ТҮЙҮНДӨРҮН КУРУУ БОЮНЧА ТЕНДЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кеңешменин катышуучулары Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында жамааттык бала бакчалардын бөлмөлөрүн реабилитациялоо жана санитардык түйүндөрдү куруу боюнча тендерлер тууралуу маалымат алышты.

Тендер үч облустагы 280 бала бакча үчүн 70 лотту камтыйт.

Баткен облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/181/

Ош облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/182/

Жалал-Абад облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/180/

Бөлүшүү

Комментарийлер