Үч күндүн ичинде 80 миң “Тулпар” жол картасы сатылып алынды

  • 23.08.2023

Бишкектиктер муниципалдык коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүүнүн алгачкы үч күнүндө 80 миң “Тулпар” жол картасын сатып алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Үч күндүн ичинде 80 миң “Тулпар” жол картасы сатылып алынды

Маалыматка ылайык, ”Тулпар” аркылуу 20-августтан 22-августка чейин автобустар менен троллейбустарда 91 миң жол кире төлөнгөн. Учурда стандарттык карталарга суроо-талап көп экени, мэрия аларды коомдук транспортто сатууну уланта турганы белгиленген.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөр жол кире акысын төмөнкү карталар менен дагы төлөй алышат:

– VISA жана “Элкарттын” контактсыз карталары;
– “Тулпар”, Mbank, Megapay, Balance, “O!Деньги” мобилдик тиркемелерирнде QR-сканирлөө аркылуу;
– NFC`тин виртуалдык карталары менен.

Бөлүшүү