ЧҮЙЛҮК МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 06.10.2020
  • 0

Чүйдүн Москва районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Анда 15 мугалимге «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси тагылып, 22 жаш мугалим ант беришти.

Маалыматка ылайык, мугалимдердин кесиптик майрамы коомдук шартты, эл топтомун көп түзбөөнү жана аралыкты сактоо менен эки бөлүккө бөлүнүп белгиленди.

Мугалимдердин кесиптик майрамынын 1-бөлүгү саат 10:00дө райадминистрациянын жыйындар залында өттү. Анда аким Мирлан Карагулов куттуктоо сөз сүйлөп, билим берүү кызматкерлеринин коомдогу ролу, инсанды тарбиялоодогу чексиз эмгектери жөнүндө айтты. Ошондой эле төрт мугалимге обладминистрациянын ардак грамотасын жана ыраазычылык катын, 19 мугалимге раймадминистрациянын ардак грамотасын тапшырды.

Ал эми 2-бөлүгү саат 13:00дө башталып, анда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Тезекбаев куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылындагы жемиштүү иш-аракеттерди белгиледи. Салтанатта 15 мугалимге «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисин тагып, алдыңкы мугалимдерге Билим берүү жана илим министрлигинин, облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталарын тапшырды. Ошондой эле жаңыдан эмгек жолун баштаган 22 мугалим ант берди. Аларга эмгек сиңирген мугалим Казимо Сушанло ар бирине блокнот жана калем белек кылды.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер