ЧҮЙДӨ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ДЕКАДАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 10.09.2020
  • 0

Чүй району жана Токмок шаарындагы мектептер менен бала бакчаларда 8-сентябрда мамлекеттик тил декадасы башталды. Бул тууралуу Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Декада бир убакытта бардык мектептерде, бала бакчаларда онлайн тартибинде ачылды. Анын максаты — кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу жана өнүктүрүү, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын кеңири жайылтуу.

Учурда Чүй-Токмок билим берүү бѳлүмүнүн мектептеринде жана бала бакчаларында мамлекеттик тил декадасы ар кандай сынактар, концерттик программалар менен коштолуп, аралыктан өтүп жатат.

Декада 8 сентябрдан 18-сентябрга чейин созулмакчы. Ага ылайык, ар бир мектеп ѳтүлѳ турган иш-чаралардын планын алдын-ала түзүп чыгышкан. Ал планга класстык сааттар, «Жаш манасчылар», «Акыйнек», «Обондуу ырлар», «Макал-лакаптар», «Улуттук оюндар» ж.б. сынактар камтылган.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер