Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА АНЫН КААРМАНДАРЫ БИЗДИН АЙЫЛДА

  • 28.11.2018
  • 0

Баткен районунун борборунан 80 км. алыстыкта Көк дарыянын боюнда куттуу берекелүү Апкан айылында А.Жоробаев атындагы орто мектебинде улуу, алп жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Ч.Айтматов жана анын каармандары биздин айылда” аттуу адабий театралдаштырылган кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА АНЫН КААРМАНДАРЫ БИЗДИН АЙЫЛДА

Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА АНЫН КААРМАНДАРЫ БИЗДИН АЙЫЛДА

Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА АНЫН КААРМАНДАРЫ БИЗДИН АЙЫЛДА

Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА АНЫН КААРМАНДАРЫ БИЗДИН АЙЫЛДА

Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Султанбек Момуновдун берген маалыматына таянсак, алгач келген конокторду айыл эли окуучулар, мугалимдер менен биргеликте жылуу тосуп алышты.

— Программа боюнча айылдын чоң көчөсүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын жөө жүрүшүнө (парады) күбө болдук, билбейм идея кимдики, чындыгында абдан сонун болду. Жөө жүрүш аяктаган соң мектепте ачык асман алдында Ч.Айтматовдун чыгармаларын театралдаштырып креативдик деңгээлде көрсөтүштү.

Иш-чарадан төрт өзгөчөлүк байкадым. Биринчиси, иш-чарага айыл элинин катышуусу, экинчиси — каармандардын жөө жүрүшү, үчүнчүсү — ачык асман алдында чыгармаларын сахналаштырып көрсөтүү, төртүнчүсү — театралдаштырып көрсөтүүдөгү креативдик идеялардын чагылдырылышы мени абдан тан калтырды. Кеченин аягында Баткен районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зайитов Абдилазаиз Апазович, Баткен райондук администрациясынын башчысынын орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровналар мектептин директору Пакыров Курсан агайга жана мектеп жамаатына, көмөк көрсөткөн Суу-Баш айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдын аксакалдарына ыраазычылык билдирүү менен баалуу белектерин тапшырышты, — дейт С.Момунов.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер