БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

  • 19.06.2026
  • 0

Нарындыктардын жүрөгүн жылыткан жана сыймыктана турган бүтүрүүчүлөр ЖРТдан (Жалпы республикалык тестирлөөдөн) жогорку балл алышты. Бул  бүтүрүүчүлөрдүн гана эмес, алардын ата-энелеринин, мугалимдеринин жана бүтүндөй аймактын чоң жеңиши.

БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

 

Борбордун эң алдыңкы лицейлери менен теңтайлашып, жогорку балл алган нарындыктардын сыймыктары: Айдай Абылаева, Кочкор районундагы И.Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү — 239 балл (Өтө жогорку көрсөткүч!), Алиман Орозобекова ушул эле мектептен —  229 балл, Турсунбеков Баэл — Ат-Башы районундагы  Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү — 227 балл, Рабия Шайырбекова — Н.Жүндүбаева атындагы мектептен — 227 балл, Мырзайым Жайлообекова — А.Жалпетеков атындагы мектептен — 227 балл.

БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

 Баэлдин ийгилиги эмнеси менен баалуу?

Алтын сертификаттын босогосу 230 балл менен токтосо, Баэлдин алган 227 баллы айыл жериндеги карапайым үй-бүлөнүн баласы үчүн чынында эле «Алтын сертификатка тете» баа. Анткени ал өзүнүн артынан келе жаткан ини-карындаштарына айылдан деле окуп, чоң ийгиликтерге жетсе болорун далилдеди. Жердештеринин айтымында, Баэлдин «колунан китеп түшпөй» окуганы, анын ушундай ийгиликке жетишине башкы себеп болгон.

БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

Ача-Кайыңды айылынан башталган бул жол анын келечекте өлкөгө пайдасы тийген чоң адис болушуна өбөлгө түзөт.

БЫЙЫЛКЫ ЖРТНЫН БААТЫРЛАРЫ

Бул көрсөткүчтөр азыркы тапта аймактардагы, айылдардагы мектептерде билим берүүнүн сапаты көтөрүлүп, окуучулардын билимге болгон умтулуусу күчөп жатканынын айкын далили. Биз дагы өз тарабыбыздан Турсунбеков Баэлди жана Нарындын бардык алдыңкы бүтүрүүчүлөрүн, алардын агартуучуларын чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кадамдары куттуу болуп, тандаган кесиптеринин мыкты ээлеринен болушсун!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер