БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

  • 23.07.2021
  • 0

Учурда ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүрүүдө. Абитуриенттерди окууга кабыл алуу үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкканын белгилей кетели. Дагы бир жаңылык: бюджеттик бөлүмдөргө 110, ал эми контракттык негиздеги окууга 105 босого баллы катары кабыл алынды.

Абитуриенттер эмнелерге көңүл бурушу керек?

Эми абитуриент окууга тапшыруу үчүн кандай аракеттерди аткаруусу керектигин ачыктап алсак:

Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо процедурасынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл!

ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.

Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.

Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.

2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт.

Абитуриенттердин арасында конкурс орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен өткөрүлөт. Бул процесс атайын формуланын негизинде эсептөө менен жүргүзүлөт.

Кабыл алуу комиссияларынын жооптуу иши

Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Ж.Койчиева төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

“Былтыркы окуу жылындагы кабыл алууга салыштырмалуу быйыл Билим Берүү жана илим министрлиги жана бизди кураторлук кылган компания тарабынан бир катар кемчиликтер четтетилген соң иш жеңилирээк болду. Бирок дагы деле региондордон онлайн каттоодо мектептер таратып берген логин, паролдорду туура эмес колдонуу, ЖОЖду тандоодон катачылык кетирүүлөр болуп, интернеттин жоголуп кетиши, телефондор айрым функцияларды көтөрө албагандыгы ишибизге тоскоолдук жаратып жатты. Ошого карабастан, бүгүнкү күнгө 1-турдун жыйынтыгы менен бюджеттик бөлүмдөргө 45%, контракттык негизде окуу бөлүмүнө 28% жана тышкаркы окуу бөлүмүнө12% абитуриент катталды. Дагы бир чоң жаңылыштык жөнүндө айткым келип турат, 1-тур бүткөн соң ОТОЗВАТЬ кнопкасын ЧАКЫРУУ деп которуп, окуу жайга чакырып жатат экен деп туура эмес түшүнүп алып, көп абитуриент өз документтерин чакыртып алышкан, ошол себептен, алар 2-турга кайрадан катышууга туура келет. Ал эми пандемиянын таасириненби, жогорку окуу жайга тапшыруу солгундап, кесиптик окуу жайларга басым жасалып жатат. 9-11-класстардын базасында, ЖРТнын жыйынтыгы төмөн болуп калгандар колледждерге тапшырууда. Министрликтин түзөтүүсүнүн натыйжасында, быйыл кесиптик билим берүү менен биргеликте бир базада кабыл алуу жүргүзүп жатабыз”.

“Азыр кабыл алуунун биринчи турун бүтүп, экинчи турун жыйынтыктоо алдында турабыз. Өткөн жылдагыга салыштырмалуу быйыл абитуриенттердин онлайн тапшыруудагы деңгээли жогорураак десем болот. Албетте алыскы аймактагылардан маселе жаралып жатат, өзгөчө льготасы барлар арасында (1-2-группадагы майыптар, чек ара аймагы, бийик тоолуу) жалпы базага түшүп калып жатат. Менимче, системаны ушуга ылайыкташтырып, жөнөкөйлөтүш керек.

Жалпы жонунан онлайн окутуу билим сапатына таасирин тийгизбей койгон жок. Ошол себептен жогорку окуу жайларга тапшыруу жылдан жылга азайып баратат, андыктан ЖРТнын босого баллы 105 эмей эле 100 болсо жакшы болмок. 104 балл алып калган абитуриенттер көп келди, аларга колледжге тапшырууну жана кийин кайра жогорку окуу жайына окууну сунуштап келебиз. Мурда биздин университетке региондордон көп тапшырчу эле, азыр шаар тургундары мугалимдик кесипти баалап көбүрөөк тапшыра баштаганы кубандырат. Биринчи турга караганда экинчи турда талон таштагандар азыраак болуп жатат. Эми быйыл ЖОЖдор көбөйүп калды, былтыр 66 болсо, быйыл 69 болду, ага жараша ЖТР тапшыргандар аз. Маалыматтын жетишсиздигинен мамлекеттик окуу жайларды эмес, жеке менчик окуу жайларды тандап алгандар да жок эмес. Мектепте ЖРТ тапшырууда кошумча предметтик тестти да тапшырууну туура түшүндүрбөгөндүктөн окуучунун баллдык топтому төмөн болуп калат. Ошондой эле кесип тандоодо, окуу жайды тандоодо туура багыт берилбей жатканы айкын болуп жатат.

ЖОЖ – бул өзү кызыгып, ынтызарлыгын коюп, аракет кылып окуп билим алуучу чоң кишинин жеке тандоосу. “Кайда барып окуу керек?” деген суроо аттестат колуна тийгенден тарта, ар бир бүтүрүүчүнүн көөдөнүндө уюган тилегине максаты ширетилген даяр жообу менен, көздөгөн окуу жайга карай жетелеген убак эчак өткөн замандын көрүнүшүнө айланган өңдөнөт. Бүгүнкү күндүн бүтүрүүчүлөрүнө бул суроо менен кайрылсак: “ЖРТнын жыйынтыгы чечет”, “Үйдөгүлөр бул эле кесипке оку деди”, ж.б. чечкинсиз, кайдыгер жоопторду угууга болот. Буга алгач ата-энелер, чөйрө күнөөлү деп ойлойм”, — деп маек куруп берди И.Арабаев атындагы университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Б.Азизбек уулу.

БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

Кесибим – ырыс кешигим

Кесип тандоодо абитуриенттер ЖРТнын жыйынтыгынан, ата-эненин каалоосунан, материалдык мүмкүнчүлүктөн жана башка нерселерден көз каранды болуп көңүлүндөгү мүдөөсүнө жетпей, таалайына туш келген окууга тапшырып калгандар аз эмес. Ошентсе да билим алууга умтулгандар окуу жайларын интернет аркылуу тандап, 1-, 2-турдун жыйынтыгы менен студент болуп, документтерин тапшырууга окуу жайларына келүүдө.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кабыл алуу комиссиясынан чыгып келе жаткан Сапаралиева Нурканымды сөзгө тарттык:

БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

– Мен Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр орто мектебин бүтүрдүм. ЖРТнын негизгисинен 127 жана тарых боюнча предметтик тесттен 65 упай топтой алдым. Учурда тарых факультетинин бюджетине өтө алдымбы деп жыйынтыгын күтүп турам.

– Мугалимдик кесипти тандап жаткан экенсиң. Бул тандоо өзүңө таандыкпы? Мугалимдердин жумушу түйшүктүү, айлыгы аз деп айтылып келет го?

– Ооба, негизи мен кичинемде мугалим болсом деген ой келчү, кийин чоңоюп калганда юрист болгууга кызыга баштадым, анткени көп учурда адилетсиздикти, теңсиздикти көргөндө, мен ушундай көрүнүштөр
менен акыйкаттык үчүн күрөшөм, деп кыялданып келгем. Кесип тандоого келгенде апамдын: “Менин эле жолумду жолдо, кийин ким билет жолдошуң кандай болот, айыл жерине турмушка чыгып калсаң, мугалим болуп иштей бересиң” дегенин туура көрүп, азыр тарых факультетинде окуп,
кийин юридикалык дагы билимди алууну пландап жатам.

– Демек, эки тарабын тең ала жүрүүнү чечкен экенсиң. Ал эми мектепте дагы иштеп, социалдык теңсиздик, укук талаасындагы кемчиликтер менен күрөшүүгө мүмкүн болгон социалдык педагог, социалдык кызматкер деген дагы кесиптер жөнүндө уктуң беле?

– Жок, ал жөнүндө укпаптырмын. Башка кесиптер жөнүндө маалымат деле алган жокмун. Негизи азыр мугалимдин айлыгы аз болсо дагы, каякта болбосун иштесе болот деп ойлойм.

Ал эми кичинесинен өзүн техникалык адистикке даярдаган, IT тармагынын тынымсыз өнүгүп жатканын туюп, программдык инженерия адистигин тандоо менен БААУ университетинин сынагына катышкан, Бишкек шаарынын №26 гимназиясынан 231 балл алган Алия Сарыгулова миңдеген өспүрүмдөр үчүн үлгү боло алды.

БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

Ошондой эле Кара-Балта шаарынын №6 гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айтибекова Жибек Казань шаарындагы Альтемьев Мамлекеттик институтунун бюджеттик бөлүмүнө өтүп кубанып турган чагы. Бир эле учурда Айтибекованы бюджеттик негизде окутууга он университет кабыл алган. Нефть-газ факультетин тандап алуусунун себеби Жибек келечектеги чоң мүмкүнчүлүктөр, перспективалар жана кесипкөйлүк, социалдык жоопкерчилик менен мекен алдындыгы жарандык милдетин аткаруу деп эсептейт.

БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

Дагы жүздөгөн бүтүрүүчүлөр өз бактысын 3-турдан сынап көрүүгө убакыт бар. Ал эми студент болгон абитуриенттерибиздин окууларына ийгилик каалайлы!

Бөлүшүү

Комментарийлер