БЫЙЫЛКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЭЛЕКТРОНДУК АТТЕСТАТ АЛАТ

  • 08.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Санариптик аттестат жана диплом боюнча платформа иштеп чыкты. 2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат.

БЫЙЫЛКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЭЛЕКТРОНДУК АТТЕСТАТ АЛАТ

 

Эми Түндүк аркылуу документтин аныктыгын 2018-жылдан тартып билүүгө болот. Андан ары, документтерди санариптештирүүгө жараша, 2024-жылдан баштап, бүтүрүүчүлөр санариптик аттестаттарды колдоно алышат — (https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/).

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиеванын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу баалары, экзамендердин жыйынтыктары жалпы билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан бекитилген кызматкер тарабынан электрондук түрдө билими тууралуу документтерди электрондук дарек боюнча эсепке алуу жана сактоо үчүн арналган адистештирилген маалыматтар базасына (билими тууралуу документтердин санариптик реестри) (мындан ары – электрондук реестр) электрондук түрдө киргизилип жатат.

— 2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди электрондук түрдө берилет. Азыр мектеп директорлоруна, завучтарга, аттестат боюнча иштеген кызматкерлерге логин, пароль берилген. Кагаз иштерин азайтуу, санариптик өлкөнү чыңдоо максатында электрондук аттестат беребиз. Азыр атайын сайт ачылып https://attestat.edu.gov.kg, республикадагы мамлекеттик жана жеке менчик мектептер ушул базага бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды толтуруп жатат, — дейт жетектөөчү адис.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер