БЫЙТЫКЧАЛАРДЫН ТИЛДИН ӨНҮГҮШҮНӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

  • 27.12.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде “Бүгүнкү күндө быйтыкчалардын (смайликтердин) тилдин өнүгүшүнө тийгизген таасири” аттуу интеллектуалдык конкурс өттү.

БЫЙТЫКЧАЛАРДЫН ТИЛДИН ӨНҮГҮШҮНӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Сынакта филология жана лингвистика багытында окуган студенттердин курамынан турган англис тили, корей тили жана түрк тили боюнча бирден команда күч сынашты.

Иш-чаранын максаты студенттердин тил билүү жөндөмдүүлүгүн, тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле азыркы күндө быйтыкчалар (смайлик) бүгүнкү күндө социалдык тармактарда кеңири орун алып, адам баласынын жашоосуна тийгизип жаткан оң жана терс таасиринен улам, адамдардын баарлашуу маданиятынын төмөндөшүнө алып келип жаткандыгына көңүл буруу болуп саналат.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен: “Dream Team” (англис тили) командасы 1-орунга,무궁화” (корей тили) командасы 2-орунга, “Tebessűm”(түрк тили) командасы 3-орунга  татыктуу болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер