БЫЙЫЛ БАРДЫК ЖОЖДОРДО АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ ТУТУМУ ИШКЕ КИРЕТ

  • 27.02.2020
  • 0

Быйыл бардык окуу жайлар окуу процессин башкаруунун маалыматтык автоматташкан системасын, “Бирдиктүү терезе” модулун жана Дата борборун толук кандуу ишке киргизиши  керек. Ал  “Түндүк” маалымат алмашуу системасына кошулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 26-февралда Бишкекте өткөн коллегияда жана 27-февралда өткөн Билим форумунда билдирди. 

БЫЙЫЛ БАРДЫК ЖОЖДОРДО АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ ТУТУМУ ИШКЕ КИРЕТ

  • Ушул жылы массалык түрдө ишке киргизилип жаткан “Бирдиктүү терезе” модулун ишке ашырууда окуу жайлар өтө эле кайдигерлик менен мамиле кылып жаткандыгы байкалат. Мындай ыргак менен кетсек, санариптештирүүнү биз каалаган, коомчулук күткөн деңгээлге чыгара албайбыз. Бул адам факторун төмөндөтүүдө чоң жардамчы. Негизи билим берүүнүн түрдүү багыттарында, мисалга алсак, окууга кабыл алууда, кызмат көрсөтүүдө, лицензиялоодо, ресурстарды бөлүүдө ж.б. адам факторун кездештирүүгө болот. Андыктан биз адам факторун мүмкүн болушунча чектеп, адамдарга жакшы шарттарды түзүп беришибиз керек, — деди министр өз сөзүндө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер