БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)

  • 17.05.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы профессор А.Молдоканов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими Жылдыз Чойбекованын бул сабагында окуучулар нандын эмнеден жасалары тууралуу маалымат алышат.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)

Мугалим алгач балдар-кыздар менен саламдашып, аларды сабакка багыттайт. Дептер-калемдерин даярдап, сабакка көңүл буруусун өтүнөт. Анан сабактын максаттарын жарыялайт.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
— Балдар, нан кантип жасалат? — деп суроо коёт.
Балдар-кыздарга жардамга Актан, Акылай жана Такай келет.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
Үчөө жогорудагы суроого жооп издешет.
— Аябай коркунучтуу күшүлдөгөн бул эмне? — деп сурайт Такай.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
—  Бул комбайн, — деп жооп берет Актан.
—  Балдар, силер комбайнды көрдүңөр беле? — дейт мугалим балдардын буга чейинки билимине кызыгып.
— Ооба, көргөнбүз, эжей! — деп жооп беришет окуучулар.
— Ал эмне кылат?
— Талаада дан жыйнайт.
— Данды кайда алып барабыз?
—  Тегерменге алып барабыз.
— Данды тегермендин ташына салабыз.
(Окуучулар тегермендин данды майдалап жаткан ташын туурап, колдорун ичине коюп айлантышат).
Окуучулар тегерменден ун чыгарын айтышат.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)

— Нанды кантип жасайбыз?- деп суроо узатат мугалим.

— Унга суу кошобуз. Түз салабыз. Камыр кылабыз.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
Текст угуу. Биз чоң атам экөөбүз буудай талаасында келе жатканбыз.
— Сен нан эмнеден жасаларын билесиңби?
— Жок!

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
(Окуучулар сүрөттөргө карап жооп беришет).

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
Макалдар менен иштөө.
— Макалаларга көңүл бурабыз!- дейт мугалим.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)

— Кимдин эмгеги аркылуу нан биздин дасторконго келет?- деп кайрылат мугалим.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
Алтын эреже.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
Үйгө тапшырма.

БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
(Сабактын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз).

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер