БУУ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНА 70 ЖЫЛ

  • 07.12.2017
  • 0

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Адам укуктарынын жалпы декларациясына 70 жыл» деген темада тегерек стол болуп өттү.

БУУ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНА 70 ЖЫЛ

Конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасы менен ОшМЮИнин юридикалык клиникасы уюштурган  иш-чарада студент жаштар, эл аралык уюмдар, ички иштер башкармалыгынын, сот жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Анда алгач аталган жогорку окуу жайдын ректору, юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов  Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде  кабыл алынган Декларациянын адам укуктарын коргоодогу орчундуу  орду боюнча кеңири баяндама жасады.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча регионалдык бөлүмүнүн өкүлү Захид Мадрахимов кабыл алынгандыгына 70 жыл болгон Декларация ар бир мамлекетте дайыма адам укуктарын сактоого милдеттендирерине токтолду. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош областы жана Ош шаары боюнча өкүлү Назаридин Бакиров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкери, милициянын полковниги Турсунбай Жумабаев, Ош областтык юстициия башкармалыгынын кызматкери Чынгыз Садиевдер адам укуктарынын  сакталышы боюнча кеңири маалымат беришти.БУУ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНА 70 ЖЫЛ

Ош областтык сотунун судьясы Т.Сабирова жана Алмаз Абдылдаевдер Декларация тууралуу көз караштарын билидирип, анын  талаптары мыйзамдын негизинде аткарылышы боюнча ой-пикирлдерин айтып өтүштү. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Ош областы  жана Ош шаары боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн эксперти Марс Сансызбаев, аталган борбордун кызматкери, юридика илимдеринин кандидаты Кудаяр Нарматовдор  Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясы боюнча  эл аралык милдеттенмелерди аткаруу багытында жүзөгө ашырылып жаткан иштери боюнча баяндама жасады. Кызуу талкууну жараткан тегерек столдо адистер студент жаштарды кызыктырган суроолоруна  да жооп беришти.

Сабыр Буркашев, ОШМЮИнин басма сөз катчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер