БУРСАДАН “МАНАСКА” ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫ БЕРИЛДИ

  • 03.03.2022
  • 0

Түркия Республикасынын Бурса шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тез жардам унаасы белекке берилди.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаасы окуу жайдын Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борборуна тапшырылган.

БУРСАДАН “МАНАСКА” ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫ БЕРИЛДИ

Белгилей кетсек, КТМУнун Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борбору жана COVID-19 вирусун аныктоочу (ПЦР) лабораториясы 2021-жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин колдоосу менен ачылып, ишке киргизилген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер