БУРАНА МУНАРАСЫН САКТОО БОЮНЧА ДОЛБООР СТАРТ АЛДЫ

  • 25.09.2021
  • 0

2021-жылдын 24-сентябрында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү.

БУРАНА МУНАРАСЫН  САКТОО БОЮНЧА ДОЛБООР СТАРТ АЛДЫ

Тарыхый мааниси бар бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коосуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана «Бурана мунарасы» музей-комплексинин жетекчилери катышты.

БУРАНА МУНАРАСЫН  САКТОО БОЮНЧА ДОЛБООР СТАРТ АЛДЫ

«Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо» долбооруна АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200,000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйды баса белгилеп: “Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдеп жатабыз,” — деди.

БУРАНА МУНАРАСЫН  САКТОО БОЮНЧА ДОЛБООР СТАРТ АЛДЫ

Иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, анын ичинде «Шоро» компаниясынын колдоосу менен өттү.

Бул долбоорду Чолпон Турдалиева жетектеген «Музейдик демилгелер коомдук биримдиги» борбору Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Эл аралык эстелик фондунун» америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат. Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт.

Долбоор ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин жана «Бурана мунарасы» музей-комплексинин кызматкерлери менен биргеликте кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды өткөрүүнү камтыйт.

«Санарип медиа» компаниясы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалыматтык колдоонун сапатын жогорулатат.

БУРАНА МУНАРАСЫН  САКТОО БОЮНЧА ДОЛБООР СТАРТ АЛДЫ

Маалымат үчүн: АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын белгилөө үчүн AFCPни түзгөн. AFCP аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. AFCP каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлорго Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо кирет. Бурана мунарасын калыбына келтирүү гранты менен АКШ өкмөтү AFCP аркылуу Кыргыз Республикасындагы маданий жайларды сактоого 500,000 доллардан ашуун салым кошуп келет.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер