БШК БАШЧЫСЫ ОШТУДА

  • 31.10.2024
  • 0

ОшТУга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова келип, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча таанышып чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө төрайым окуу жайдын окутуучулары жана студенттери менен жолугуп, аларды кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ал өз сөзүндө быйылкы шайлоонун өзгөчөлүктөрүн, үстүбүздөгү жылы боло турган шайлоо админстративдик реформанын алгачкы жемиши боло турганын айтып, жаштарды жарандык укуктарын сабаттуу пайдаланууга, шайлоого кайдыгер карабай өлкөнүн келечегин тандоого чакырды.

Ал ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы эч качан бурмаланбай турганын, добуш берүүнүн купуялуулугу кепилденерин, шайлоо процесси түз алып берүү менен БШКда жана тиешелүү сайттарда көрсөтүлөрүн айтты.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер