“БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ. ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ”  АТТУУ ЭКИ ТОМДУК ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

  • 11.09.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, ф.и.к., доцент  Карлыгач Жумакадыровага  23 өлкөнүн  окумуштуулары тарабынан даярдалган “БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ. ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ”  аттуу тарыхый китептин автору катары эки томдук көлөмдүү китеп Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан тапшырылды.

“БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ. ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ”  АТТУУ ЭКИ ТОМДУК ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

10-сентябрда КР Улуттук илимдер академиясында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана бул дүйнөдөн өткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата “Кылымга тете бир өмүр” темасындагы эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын алкагында өзгөчө илимий-изилдөөлөр кирген  “БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ. ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ”  аттуу тарыхый китептин презентациясы болуп өттү.

Бул китеп эки жыл иликтенип, Түркиянын Президенти Реджеп Тайиб Эрдогандын колдоосу менен чыгарылды. Китепке Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун баш сөзү берилип, тандалган окумуштуулардын илимий макалалары  камтылган. Жарык көргөн китептин өзгөчөлүгү – айтматов таануудагы кийинки жаңы илимий изилдөөлөр орун алгандыгында. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Нури Шимшеклер, КРУИАнын президенти М.Жуматаев, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиев жана илимий изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар катышып, элчилик тарабынан автор катары иликтөө жүргүзгөн илимпоздорго китептер тапшырылды. 23 өлкөнүн 98 окумуштуусунун катарында К.Жумакадырова да бар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер