Бостериде 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча үч милиция кызматкери кармалды

  • 22.08.2023
  • 0

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бостериде 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча үч милиция кызматкери кармалды

Маалыматка ылайык, Бостеридеги 23 жаштагы жарандын каза болгон фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча КР ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.

Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айгакамака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер