“БОШ ЖУМУШ ОРУНДАРЫ ЖАРМАНКЕСИ — 2019”

  • 18.11.2019

Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ош технологиялык университети бүтүрүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн “Бош жумуш орундары жарманкеси — 2019” иш-чарасын өткөрдү.

Жарманкенин алкагында Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, башкы өнөктөштөр Түштүк Кыргыз Цемент заводу жана Кыргызстан коммерциялык банкы тарабынан жумушка орношуу, практикадан өтүү боюнча жолугушуулар уюштурулду. ОшТУнун факультеттер аралык Тамашоу (ШТК) таймашы орун алып, биринчи орунду «Exclusive» командасы, экинчи орунду «Узбегим яшлари»  командасы, үчүнчү орунду «Жебе» командасы алды.

Мындай иш-чара жыл сайын салттуу түрдө бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнүнө карата өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү