БОРБОРУБУЗДАГЫ АК-ОРДО КОНУШУНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП, БАЛА БАКЧА КУРУЛАТ

  • 19.08.2021
  • 0

Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, борборубуздун Ак-Ордо конушунда бала бакчанын жана мектептин имараттары курулмакчы.

Ага карата бүгүн капсула салуу аземи болуп өттү. Иш чарага шаар башчысы Айбек Жунушалиев жана аталган конуштун  жашоочулары катышты. Мектеп Ак-Ордодогу   Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишине салынат.  Имарат 750 балага жана 23 окуу классына ылайыкташтырылган. Жаңы курула турган   мектеп үч кабаттуу болот. Бала бакча болсо 280 орунга ылайыкташкан. Курулган имаратта уктоочу бөлмө, оюн бөлмөсү, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болмокчу.

М.Кайыпов

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер