БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ АЧЫЛДЫ

  • 28.10.2019
  • 0

26-октябрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи ачылды.

БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ АЧЫЛДЫ

Кыргыз Өкмөтүнүн жана Американын Бард колледжинин, USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү жана окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К. Исаков: «Бул колледж эң акыркы технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Айрыкча окуу аудиторияларынын, лабораториялардын кенендиги, жарыктыгы, эмеректердин жайгашуусу,  түстөрдүн гаммасына маани берилгени кубандырат. Анткени жаңы сапаттуу билим берүү – жаңы мейкиндиктерди, жаңы архитектуралык ой жүгүртүүнү, изденүүнү талап кылат.

Биздин алдыбызда чоң милдет турат. Жакынкы аралыкта Кыргызстанды Борбордук Азиядагы билим берүүнүн хабына (борборуна) айлантууга жетишүүбүз зарыл. Университеттерибиз жана колледждерибиз эл аралык деңгээлде сапаттуу билим берүүгө өтсө, өлкөбүздө билим экспорту, билим берүү туризми өнүгөт. Бизге жаштар дүйнөнүн төрт тарабынан билим издеп мындан да көп келе башташат. Биздин окуу жайлар ушул көрсөткүчтөр менен атаандаштыкка өтүшү керек. Антпесе окуу жайларыбыз эл аралык рейтингдерде өздөрүн көрсөтө алышпайт.

Инновациялык колледжге өткөн 204 студенттин ичинде 9 мамлекеттен келген жаштар бар. Алар Германиядан, Казахстандан, Россиядан, Америкадан, Турциядан, Өзбекстандан, Франциядан жана Тажикстандан билим алуу үчүн келишкен. Окуу жайлардын модели заманга айкалышып, сапаты артып, таасир этүү географиясы, кулачы кең болуп, ушундай нукта өнүгүшү керек” – деп айтты.

Инновациялык колледжде компютердик технологияларга, сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүнө басым жасалат. 8 багыт боюнча өркүндөтүлгөн окуу программасы боюнча эл аралык стандарттарга ылайык билим берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер