БОРБОР КАЛААНЫН ЭҢ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ АНЫКТАЛДЫ
- 24.04.2018
- 0
2018-жылдын 18-20-апрелге чейин Бишкек шаарындагы №67 окуу—тарбия комплекс мектеп—гимназиясында салтка айланган «Жүрөгүм балдарда — 2018» аттуу мугалимдердин кесиптик чеберчилик сынагы өттү.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, иш-чаранын максаты — талантуу жана чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктоо жана аларга түрткү берүү, алардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү, педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин билим-тарбиялык ишине дем берүү.
Сынактын биринчи этабы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
— «Жылдын мыкты мугалими»;
— «Мыкты жаш мугалим»;
— «Эң мыкты класс жетекчи»;
— «Жылдын мыкты тарбиячысы».
Биринчи этаптын жыйынытыгы менен төмөнкүлөр жеңүүчү болду:
«Мыкты мугалим» номинациясында:
— 1-орун — Давлеталиева Элмира Шамшыбековна, №67 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;
— 2-орун — Асел Эркинбекова, №20 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими;
— 3-орун — Айзада Нургазиева, №68 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.
«Мыкты жаш мугалим» номинациясында:
— 1-орун — Саалы кызы Ноорузган, №68 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими;
— 2-орун — Нуриза Медетбекова, №6 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;
— 3-орун — Анаркүл Арабаева, №64 мектеп-гимназиясынын физика мугалими.
«Эң мыкты класс жетекчи» номинациясында:
— 1-орун — Махабат Айдаралиева, №66 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында класс жетекчи;
— 2-орун — Кымбат Айтиева, №67 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында класс жетекчи;
— 3-орун — Добулбек Асанканов, №5 Улуттук компьтердик гимназияда класс жетекчи.
«Мыкты тарбиячы» номинациясында:
— 1-орун — Венера Халитова, №100 бала бакча (Свердлов району);
— 2-орун — Елена Буглак, №47 бала бакча (Биринчи Май району);
— 3-орун — Оксана Улещук, №31 бала бакча (Биринчи Май району).
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер