Борбор калаанын акимдери мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 06.10.2023
  • 0

Борбор калаанын акимдери мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь акимиатында балдарды окутууга жана тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мугалимдерге ыраазычылык кат, Ардак грамоталар, энчилүү сааттар тапшырылып, окуучуларды олимпиадага даярдаганы үчүн 10,15 жана 20 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Мектептин Чыгыш жыйындар залында 29 мугалимди Биринчи май районунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Абдыллабек уулу Манас куттукташты.

Свердлов районунун №67 мектебинин жыйындар залында Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Кенжебаева Светлана, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков кесиптик майрамы менен куттукташты.

Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрация тарабынан №40 мектепте билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Педагогдорду район башчысы Жыргалбек Шакиев куттуктады. Балдарды окутууга жана тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мурдагы мектеп жана бала бакча жетекчилерине энчилүү сааттары тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер