БОРБОР КАЛААДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫН ЗАМАНБАП ТРЕНДДЕРИН КИРГИЗҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛАТ

  • 25.02.2020
  • 0

Борбор калаадагы экологиялык кырдаал баарыбызды тынчсыздандырып, жашыл экономиканын заманбап тренддерин киргизүүнү талап кылат. Мындай пикирин Бишкектеги жана өлкө аймактарындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жолдору боюнча кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы милдеттеринин бири өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

«Учурда Кыргызстанда экологиялык аспект курч турат жана Өкмөт тарабынан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруунун деңгээли 2 эсеге өстү. Абанын булганышынын негизги себептери унаалардан, жеке турак үйлөрдү көмүр менен жылытуудан, таштанды таштоодон жана ЖЭБдин ишмердүүлүгүнөн абага бөлүнүп чыккан газдар болуп саналат. Бул маселелерди баскычтуу чечүү керек. Биз жашыл экономиканын заманбап тренддерине өтүүгө, экологиябызга зыяндуу заттардын таасирин азайтууга милдеттүүбүз. Бул мезгил талабы. Абанын булганышын азайтууга, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жетишүүбүз зарыл», — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Экологиялык жагдайды жакшыртуу боюнча сунуштары тууралуу Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү айтып беришти.

Жыйындын жүрүшүндө газ-матордук күйүүчү май базарынын өнүгүшү, от казандарды жаратылыш газына өткөрүү, күйүүчү жана майлоочу майлардын сапатына карата экологиялык талаптарды жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди. Муну менен катар эл ташуучу транспортко, мамлекеттин жана муниципалдык кызматтарга караштуу автоунаа каражаттарына кысылган жаратылыш газын колдонуу сунушу киргизилип, бул бюджетти үнөмдөөнү жана абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын эки эсе азайышын шарттай турганы айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга экологиялык абалды жакшыртуу боюнча каралган чараларды дыкат иштеп чыгууну тапшырды. Энергияны үнөмдөө жана курулушта заманбап технологияларды киргизүүнү эске алуу менен жылуулук менен  камсыз кылууну өнүктүрүү боюнча концепцияны,  «Бишкек жылуулук энерго», «Кыргыз жылуулук энерго» от казандарын жаратылыш газына өткөрүү план-графигин иштеп чыгуу, Кант шаарындагы от казанды көгүлтүр отко өткөрүү боюнча пилоттук долбоорун ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары газ-мотордук күйүүчү май базарын өнүктүрүү жана тиешелүү инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер