БОРБОР КАЛААДА МЕКТЕПТЕР КУРУЛУП ЖАТАТ

  • 24.08.2020
  • 0

Бишкек шаарында коррупция менен күрөшүү боюнча депозиттик эсептин каражатына №72 жана №59 мектептердин жаңы окуу имараттарынын курулушу уланууда.

БОРБОР КАЛААДА МЕКТЕПТЕР КУРУЛУП ЖАТАТ

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Жал кичи районунун Курчатов көчөсүндөгү №72 мектептин 225 орунга ылайыкташтырылган кошумча имаратынын дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылууда. Курулуш иштерин «Монолит-Строй» компаниясы 37 миллион 176 миң 436 сомго аткарууда.

Лущихин көчөсүнүн №35 дарегиндеги №59 мектептин кошумча имаратынын курулушу 150 орунга ылайыкталган. Учурда экинчи кабаты көтөрүлүп, «Төөлөс-Строй» курулуш компаниясы иштеп жатат.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер