БООРУКЕР ДИРЕКТОР

  • 10.03.2022
  • 0

Лейлек районундагы «Алга» орто мектебин дээрлик беш жылдан бери Акмал Бекматович Пирматов жетектеп келе жатат. Акмал агай өзүнүн бийик адамгерчилиги менен айырмаланат.

Акмал Пирматов жакында айылдашы Ихтияр Имамназаровдун Очилбек жана Хурсанали аттуу эки уулун сүннөткө отургузду. Ихтияр агабыздын өзү, аялы жана балдарынын бардыгынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин айта кетели.
Айтор, кайрымдуулукка, соопчулукка баш отун сайган Акмал агайдай эр жигиттер көбөйө берсин!
Тайир Аширбай, Лейлек району
                                       

Бөлүшүү

Комментарийлер