БООРДОШ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ ӨЛКӨЛӨР ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖАКШЫРТУУНУ МАКУЛДАШЫШТЫ

  • 30.07.2021
  • 0

Бүгүн, 30-июлда видео-конференц-байланыш режиминде Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Тажикстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода, Өзбекстан Республикасынын элге билим берүү министри Шерзод Шерматовдор менен жолугушуусу болуп өттү.

БООРДОШ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ ӨЛКӨЛӨР ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖАКШЫРТУУНУ МАКУЛДАШЫШТЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-гуманитардык кызматташтыкты андан ары жакшыртуу үчүн билим берүү жана илим жаатындагы бир катар маселелер боюнча ар тараптуу пикир алмашуу жүрдү.

Өзүнүн алгы сөзүндө Б. Купешев кыргыз тарап боордош өлкөлөрдүн ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты жакшыртууга жана кеңейтүүгө дайыма умтулуп келатканын белгилеп, билим берүүнүн сапатын жана мазмунун баалоо, жаштарды маданий жактан агартуу, педагогикалык кадрларды биргелешип даярдоо, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү сыяктуу приоритеттүү багыттар боюнча өз ара иштешүүгө даяр экендигин билдирди.

БООРДОШ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ ӨЛКӨЛӨР ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЖАКШЫРТУУНУ МАКУЛДАШЫШТЫ

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү максатында, бүгүнкүдөй жолугушууларды такай өткөрүп турууну макулдашышты.

Жолугушуу жандуу баарлашуунун жана өз ара кызыкчылыктын атмосферасында өттү.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер