Боом капчыгайындагы жол кырсыктан үч адам каза болду
- 16.08.2023
- 0
Бишкек – Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында Тoyota Avensis жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаалар кагышып, үч адам каза болду. Окуя 15-августта болгон.
Кечээ, социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео тараган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан үч адам каза болуп, дагы 6 адам жаракат алышып, ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда жол тескөөчүлөр унаа кырсыгынын себептерин аныктоо максатында тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер