БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ТОң РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

  • 18.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы Т. Мырзамамбетов атындагы мектепке барды.

Авариялык абалдагы окуу корпусу жана жаңы имараттын курулушу менен таанышып чыккан соң, бул мектептин эски жана жаңы имараттарынын курулушуна байланыштуу бардык документтерге инвентаризация жасоо зарыл экенин билдирди.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ТОң РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Ошону менен бирге эски имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, билим берүү жаатында максаттуу пайдалануу жагын карап көрүү керектигин кошумчалады.

Министрдин белгилешинче, билим берүү уюмдарынын ишинде шалаакылыкка, кайдыгерликке жол берилбеши керек, эгерде ошондой фактылар аныкталса, күнөөсү барлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү жазасын алышы абзел.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ТОң РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

 

Белгилей кетсек, аталган мектептин эски имараты 2005-жылы колдонууга берилген. Бирок курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөн деген негизде 2015-жылы авариялык деп табылып, колдонууга тыюу салынган. Натыйжада жаңы имарат курууга тендер жарыяланып, жеңүүчү аныкталган. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаңы окуу корпусунун фундаменти куюлуп, спорт залынын дубалы тургузулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер